Төрөбаев: Тигүү жана текстиль фабрикаларын ишке киргизүүдө инвесторго максималдуу көмөк көрсөтүлөт

 Төрөбаев: Тигүү жана текстиль фабрикаларын ишке киргизүүдө инвесторго максималдуу көмөк көрсөтүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарындагы электр техникалык оюнчук заводунун жана килем комбинатынын өндүрүш ишканаларында болду, анын базасында инвесторлор тигүү жана текстиль фабрикасын ачууну көздөп жатат.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, президент тарабынан зарыл болгон учурда токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү жана кайра түзүү боюнча так миллдет коюлган.

«Кезинде Кара-Балта шаары өлкөнүн өнөр жай борборлорунун бири болгон. Азыр айрым ишканалар бардык экономикалык кыйынчылыктарга карабастан иштеп, калкты иш менен камсыз кылууга, шаардын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатат. Бирок көп жылдар бою токтоп турган ишканалар бар. Инвестордун аракети менен электр техникалык оюнчуктар фабрикасынын базасында 800 жергиликтүү тургунду иш менен камсыздоочу заманбап тигүү өндүрүшүн түзүү пландалууда. Бул багытта инвесторлорго тийиштүү көмөк көрсөтүү менен мындан ары да алга жылуу керек», – деп белгиледи ал.

Объектке болгон сапардын жыйынтыгы менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жана Кара-Балта шаарынын мэриясына бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарды максималдуу пайдалануу жана өндүрүштү тезирээк ишке киргизүү максатында инвестор тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, тигүү жана текстиль фабрикаларын куруу долбоору «Декна Бишкек Текстиль» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат, инвестициянын көлөмү болжол менен 25 млн АКШ долларын түзөт.

Жаңы өндүрүш таштандылардын төмөнкү көрсөткүчү менен кластердик принцип боюнча аларды жиптерге жана кездемелер үчүн материалдарга кайра иштетүү иретинде иш алып бармакчы.

Связанный пост