Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловдун сөөгү “Түндүк” көрүстөнүнө коюлду

 Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловдун сөөгү “Түндүк” көрүстөнүнө коюлду

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Шаповаловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманов, маданият жана илим өкүлдөрү, туугандары катышты.

Вячеслав Шаповаловдун сөөгү Бишкектеги “Түндүк” көрүстөнүнө коюлду

Эске сала кетсек, Вячеслав Шаповалов 2022-жылдын 23-июлунда 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Вячеслав Иванович Шаповалов 1947-жылдын 28-октябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1971-жылы Пржевальск педагогикалык институтуна окутуучу болуп ишке кабыл алынган.

Андан кийин аспирант, доцент, профессор, бир катар борборлордун жана институттардын директору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору, илимий саясат башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

12 поэтикалык китептин, 5 монографиянын, кыргыз поэзиясынын котормолорунун 30дан ашык китебинин автору. Ырлары Россияда, Батышта, ошондой эле кыргыз, казак, украин, осетин жана башка тилдерде жарык көргөн. “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөлүк адабияттагы биринчи олуттуу чыгарма “Манасчынын төрөлүшү” поэмасы француз тилине которулуп жарык көргөн.

Вячеслав Иванович Шаповалов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын коомдук кеңешчиси болгон.

Вячеслав Иванович Шаповаловго мамлекетке сиңирген зор эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” (1993-жыл), “Кыргыз Республикасынын эл акыны” (2006-жыл) ардак наамдары ыйгарылган, ал “Данакер” ордени (2000-жыл), Достук ордени (2003-жыл, Россия Федерациясы), III даражадагы “Манас” ордени (2017-жыл), Түркмөнстандын Президентинин алтын медалы (2002-жыл), Пушкин медалы (2007-жыл, Россия Федерациясы), “Орус-кыргыз достугу” медалы (2012-жыл) менен сыйланган. 2012-Эл аралык орус сыйлыгынын “Поэзия” номинациясынын лауреаты болгон.

Связанный пост