Мыйзамсыз орнотулган объектилер алынды

 Мыйзамсыз орнотулган объектилер алынды

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны иретке келтирүү жана мыйзамсыз жеңил объектилерди алуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, инспекция 12-кичирайондо мыйзамсыз орнотулган «Огород» дүкөнүн демонтаждоо иштерин баштады.

Мындан тышкары, Түштүк-2 кичирайонунда 5 күркө алып салынды. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган «Алтын-Көл» дүкөнү алынып, 55 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Жалпы аянты 6 чарчы метр болгон бут кийим оңдоочу жай да алынды. 15 чарчы метрди ээлеген «Питомец» дүкөнү, 43 чарчы метрди ээлеген “Южанка” дүкөнү дагы алынды,

Мэриядан кошумчалашкандай, «Грей» дүкөнү да демонтаждалып, 14 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Связанный пост