ИИМ: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат алынды

 ИИМ: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат алынды

Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алты тонна баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

– героин – 33 кг 092 гр;

– апийим – 7 кг. 730 гр;

– гашиш – 92 кг 108 гр.

– марихуана – 65 кг 143 гр.

– каннабистин өсүмдүгү – 3 кг 655 гр

– психотроптук заттар – 12 кг. 900 гр;

– прекурсорлор – 3 т 200 кг;

– чекенди – 142кг;

– башка түрлөрү – 25кг 594 гр.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп 720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган. Алынган баңгизаттардын орточо баасы 3 млрд 165 млн 545 миң 757 сомду түзөт.

Связанный пост