Баткенде баасы 130 миң сомду түзгөн чайды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду

 Баткенде баасы 130 миң сомду түзгөн чайды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду

Баткенде баасы 130 миң сомду түзгөн арыктатуучу чайды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында А.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда Кытайда жасалган кандагы кантты жана салмакты түшүрүүчү чай жана КЭР жаранынын наамына таандык документтер табылган. А.А.А Өзбекстанга жүктөрдү мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.

«Эксперт-Түштүк» эксперттик уюмунун корутундусуна ылайык, товардын жалпы баасы 132 миң 112 сомду түздү.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Ош шаардык терминалынын аймагына жеткирилген.

Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Связанный пост