Министрлер Кабинетинин жыйынынан кийин Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлган “Кулан” тарыхый драмасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Министрлер Кабинетинин жалпы жамааты келишти. Спектаклди Бишкек шаарына гастролдоп келген С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры койду. Спектаклден кийин сөз сүйлөгөн МинКаб Башчысы Ош драма театрынын артисттеринин талантына суктанганын билдирип, Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн З.Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, […]Читать далее
Бүгүн, 24- апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Тактап айтканда “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында ОшМУда “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” аталышындагы илимий –практикалык конференция өтүүдө. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Түгөлбай Казаков, Самара Токтакунова, Табылды Актанов, Роза Аманова, Зайнидин Иманалиев, Жолболду Алыбаев, […]Читать далее
23- апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрында Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата даярдаган концертин тартуулашты. Концертке аталган музыкалык мектептин жетекчилиги жана мугалимдери, окуучулардын ата-энелери, ошондой эле Болот Миңжылкиевдин жакындары, шаар тургундары катышышты. Даңазалалуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө арналган концерт […]Читать далее
Бүгүн, 22-апрелде, “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Күү күнү” деп белгиленип, анын урматына И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде “Салттуу музкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…”-деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр, окутуучулар жана ушул жаатта билим алып жаткан студенттер катышты. Аталган университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун […]Читать далее
Бүгүн, 20-апрелде Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо Кыргыз эл […]Читать далее
Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды
“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты. Айнура Аскарова аталган окуу жайдын студенттерин жана эмгек жамаатын жаңы кафедранын ачылышы менен куттуктап, […]Читать далее
Жумалыктын ачылышы бүгүн, 20-апрелде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү. Маданий иш- чарага кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өзөгү болгон улуттук өнөрдү сактап, жайылтып келген салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр жана күйөрмандар катышты. Аземди ачып жатып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалалиев, Токтогул […]Читать далее
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнактын бет ачары болду. Аталган жыйнакта айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынын атайын жаздырылган аудио материалдары текст, нота жана QR-код менен заманбап ыкмада камтылган. Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 15-апрель күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү. Салтанаттуу иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым […]Читать далее