Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды

“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Айнура Аскарова аталган окуу жайдын студенттерин жана эмгек жамаатын жаңы кафедранын ачылышы менен куттуктап, бул- ааламдашуунун алкагында салттуу музыкалык искусствону сактоо жана жайылтууга, “устат шакирт” өнөрканасын улантуучу жаштарды кубаттап, келечек муундарды руханий баалуулуктарга аздек мамиле кылууга түрткү болорун белгиледи. Аны менен катар аталган кафедраны ачкан университетке чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, себеби, алдыга замандын талабына жараша жаңыча иштетүү, жаңы окуу методологияларын киргизүү, салттуу музыканы өздөштүрүү үчүн студенттерге шарттарды түзүп берүү ж.б. вазийпалары турганын баса белгилеп өттү.

Келген меймандар аталган кафедрадан улуттун уңгусүн кармаган, кайталангыс кайрыктар аркылуу өлкөбүздү ынтымак-ырашкерликке чакырган, достукка үндөгөн,адамдын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулган өнөр адамдары чыгышына тилектештигин билдиришти.

Связанный пост