“Салттуу музыка Жумалыгы” старт алды

Жумалыктын ачылышы бүгүн, 20-апрелде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү. Маданий иш- чарага кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өзөгү болгон улуттук өнөрдү сактап, жайылтып келген салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр жана күйөрмандар катышты.
Аземди ачып жатып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалалиев, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында анын мурасын уланткан өнөрлүү адамдар жыйналып, улутубуздун улуу руху болгон Манас айтылып, добулбас урулуп, керней-сурнай тартылып, комуз чертилип, акындарыбыз жар салып жатканы-бул биздин көркөм өнөрдугун өлбөстүгүнөн, муундан-муунга уланып жаткандыгынан кабар берерин белгилеп, “Байлык сиңип кетер туз, бийлик эрип кетер муз, өнөр артыңда калар из” демекчи, кыргыз өнөрү, көөнө чыгармалары менен кыргыз болуп келгенин, азыр да Зайнидин Иманалиев, Жолболду Алыбаев, Түгөлбай Казаков, Калык Акматов сыяктуу салттуу музыканы аркалаган залкарларыбыздын күчү менен ушул саамалык 19 жылдан бери өтүп келе жатканын айтты. “Ушундай сааамалыктар менен булактын көзү ачылып, мыкты таланттар өсүп атат, 90-жылдары саналуу манасчы, төкмөлөрүбүз калган болсо, азыр катарыбыз калыңдап, унутулуп бараткан аспаптардын үнун уктук. Бул дагы тереңдеп, кенейе берсин. Устаттык асыл мурасты кийинки муунга да татыктуу өткөрүп берели Асыл жолдун изи өчпөсүн”-деди ал.
Салттуу жумалыктын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова: жумалыкты ачылышы менен куттуктап, салттуу музыканын тарыхына токтолду: “2004-жылы эгемендүү тарыхыбызда биринчи жолу “Салттык музыканын тарыхын сактоо жана өркүндөтүү маселелери” аттуу илимий-практикалык семинардан башталган иш чара бүгүнкү күндө 19 жыл карытты. Ошол семинардын жолу байсалдуу болду, анын артынан эле ошо иш-чарага “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду тузүлдү. 2009-жылы Маданият министрлиги “мындан ары кыргыздын салттуу музыкасы жумалык болуп белгиленсин” -деген буйрук чыгарды. 2013-жылы аталган фонддун сунушу менен Жогорку Кеңештин токтому чыкты. 2017-жылы Улуттук илимдер академиясынын А. Алтымышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институтунун алдында “Фольклор жана салттту музыка искусство тарыхы жана теория” бөлүмү ачылды. 2018-жылы Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан бул жаатта диссертацияларды кандидаттык жана докторлук эмгектерди коргоого уруксат берилди. 2019-жылы Кыргызстан калкынын ассамблеясынын жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун демилгеси менен Кыргызстанда “9-сентябрь комуз күнү” деп белгиленсин деген Жарлык чыкты. Ал эми быйыл, 2023-жылы Евразия Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылган турат” деди ал.
Ачылыш азем “Манас” театры баштаган өнөрлүү адамдардын чакан концерти менен коштолду.

Связанный пост