“Улуу мурас”аттуу хрестоматиялык жыйнактын бет ачары өттү

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнактын бет ачары болду. Аталган жыйнакта айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынын атайын жаздырылган аудио материалдары текст, нота жана QR-код менен заманбап ыкмада камтылган.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев, академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын эмгек жамааты жана бир катар маданият ишмерлери катышышты.
Министрдин орун басары Кайрат Иманалиев, “Улуу мурас” жыйнагынын жарык көрүшү кыргыз искусствосу үчүн өтө пайдалуу иш болгонун белгиледи. «Бул китептин нускасын көбөйтүп чыгарып, музыкалык окуу жайларга таратышыбыз керек. Студенттер бул китептен окуп, сабак алышы зарыл»-деген орун басар китептин түзүүчүлөрү “Дастанчы коомдук фондунун” негиздөөчүлөрү Самат Көчөрбаев менен Өмүрзак Кайыповго, академик Абдылдажан Акматалиевге жана китептин чыгышына көмөктөшкөн инсандарга ыраазычылык билдирип, «сиздер чоң иш жасадыңыздар. Бул эмгек эч унутулбайт” деп сөзүн жыйынтыктады.
Хрестоматиялык жыйнак “Манас” театрынын дастанчыларынын демилгеси менен жазылып, “Кристенсен” фондунун демөөрчүлүгү жана “Дастанчы” коомдук фондунун жетекчилиги астында басылып чыкты.

Связанный пост