Ош шаарында Бабур театры оңдоп түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилди

Бүгүн З.Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинин алкагында шаардык маданият башкармалыгынын, театрдын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн маданият ишмерлерине, маданияттын өнүгүшүнө жана театрды оңдоп-түзөө иштерине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.

Иш-чара акын, саясатчы жана колбашчы Захириддин Бабурдун тарыхый окуяларынын негизинде коюлган «Айролик» спектакли менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, театрды оңдоп-түзөө иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталган. Каржылоо Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүлгөн.

Связанный пост