Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек-Ош автожолундагы “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны ташып өтүү фактысын аныкташты. Алсак, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө унаа токтотулуп, айдоочусунан товар коштоочу документтер талап кылынганда ал ордунан качып кетүүгө аракет кылган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен унаа мажбурлап токтотулуп, айып токтотуучу жайга киргизилген. Унааны текшерүүдө […]Читать далее
Айыл чарба министрлиги үч көлмө балык чарбачылыгын жүргүзүү үчүн сынак жарыялады. Маалыматка ылайык, сынактан өткөн тараптар келишим түзүү менен суу объектилерин балык өстүрүү, балык уулоо жана балык өндүрүү багытында пайдалана алат. Бул көлмөлөр — Панфилов районундагы “Пучук-1” суу сактагычында, балык чарбачылыгы 60 гектар, Токмок шаарындагы Токмок-2 көлмөсү, балык чарбачылыгынын аянты 12 гектар жана Тоң районундагы […]Читать далее
Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет. Маалыматка ылайык, Ленин районунун акимиаты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын аталган району боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин районундагы отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүштү. Анда катуу отунга көмүрдүн баасынын өсүшүнө […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан биринчи Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди. Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүшүп кетти. “Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Белгилей кетсек, делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев курултайдын убактылуу төрагасы болуп дайындалган. Ашыралиев курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барды.Читать далее
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга өлкө аймагынан келген 1072 делегат катышууда. Кворум бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди. Анын айтуусуна караганда, президенттин курултайды чакыруу жөнүндө жарлыгы менен бирге биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, мыйзам кабыл алынганга […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өз ишин баштады. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу-тарбия иштери боюнча мектептердин 30дан ашык директорлору жана завучтары үчүн уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чара Кемин шаарында 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү мекемелеринин бирикмеси Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. Талкуунун жүрүшүндө мектеп […]Читать далее
Кадамжай районунунда милициянын балдар менен иштөө инспекциясы мектептерде окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жыйын өткөрүштү. Анда кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо, уурулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйын билим берүү кызматкерлеринин, социалдык коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн […]Читать далее