Кадамжайда кылмыштарды алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 Кадамжайда кылмыштарды алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Кадамжай районунунда милициянын балдар менен иштөө инспекциясы мектептерде окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жыйын өткөрүштү.
Анда кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоо, уурулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул жыйын билим берүү кызматкерлеринин, социалдык коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана башка тийиштүү кызматкерлердин катышуусунда өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөр боюнча суроо-жооптор берилип, ата-энелердин, балдардын жоопкерчилиги боюнча маселелер көтөрүлдү.

Связанный пост