Кеминде окуучулар арасында зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара өттү

 Кеминде окуучулар арасында зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу-тарбия иштери боюнча мектептердин 30дан ашык директорлору жана завучтары үчүн уюштурулган иш-чарага катышты.

Иш-чара Кемин шаарында 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү мекемелеринин бирикмеси Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

Талкуунун жүрүшүндө мектеп чөйрөсүндө мектеп рэкетинин жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, класста, мектепте зомбулукту аныктоо жана өлчөө, ошондой эле мындай учурларга чара көрүү, өзгөчө өз убагында жардам көрсөтүү маселелери каралды.

Катышуучуларга балдарды зомбулуктан коргоо боюнча кырдаалдык талдоо көрсөтүлүп, анда ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосуна муктаж болгон балдарды эрте аныктоо маселесине көңүл бурулуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы да айтылды.

Мындан тышкары, иш-чаранын уюштуруучулары зомбулуктун курмандыгы болуп калуу жана кыянаттыкка кабылуу коркунучу бар аялуу мигранттар, оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары сыяктуу категорияга басым жасады.

Өз кезегинде Асель Чынбаева туура жана туура эмес мамилелер, эмоционалдык интеллектти жакшыртуу, коопсуз мектепти куруу, чыр-чатактарды башкаруу боюнча жаңы сабактарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошол эле учурда ал Президенттин Администрациясы учурда өлкөдө зордук-зомбулукту жоюу боюнча бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ата-энелер менен педагогдордун жоопкерчилигинин өзгөчө ролун да баса белгиледи.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 15 мектебинде мектеп окуучуларын, ыктыярчыларды жана өнөктөш уюмдарды тартуу менен зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңири масштабдуу иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканы белгиленди.

Связанный пост