Бишкекте биринчи Элдик курултай өз ишин баштады

 Бишкекте биринчи Элдик курултай өз ишин баштады

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өз ишин баштады.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Связанный пост