Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Чон-Алай районундагы памирлик кыргыздар менен министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова КРдин Жогорку Кенешинин депутаттары менен чогуу жолугушуу өткөрүштү. Министрдин орун […]Читать далее
Бүгүн 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүндө жаңы имараттын расмий ачылышы болуп өттү. Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Ачылыш аземге УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле […]Читать далее
Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Маалыматка ылайык, азыр ашууну кардан тазалап, тайгалакка каршы инерттүү заттарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат.Читать далее
Борбор калаадагы коомдук транспорттордун иши текшерилди. Рейддин жүрүшүндө пландык чыгууларынын сакталгандыгы тууралуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун иштөө графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пландык чыгуунун сакталбагандыгы, кыймыл аралыгынын аткарылбагандыгы, ошондой эле линиядан чыгуунун негизсиз фактылары тастыкталды. Мындан тышкары, «Шаттл Яндекс Такси» маршруттук таксиси, ошондой эле жеке таксилери коомдук транспорттордун токтоочу […]Читать далее
Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Учурда 64 жарым вагон кѳмүр түшүрүлдү, ал эми 65 жарым вагон жолдо келе жатат. Кѳмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мѳѳнѳттѳ график боюнча жүргүзүлѳт. Ишканадан белгилешкендей, ошондой эле азыркы учурда “Каражыра” АКынын разрезинен 65 жарымвагон кѳмүр жүктѳлүп жатат. “Бишкек ЖЭБинде кѳмүрдү пайдалануу боюнча […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйында, тургундар жеке көйгөйлөрүн айтышып, бийлик органдарына, прокуратура жана ички иштер органдарына арыз-кайрылууларын жолдошту. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Болот Мамбетовдун 115 жылдыгы белгиленип, айкели тургузулду. Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, экс премьер-министр Турсунбек Чыңгышев баштаган мамлекеттик ишмерлер, Болот Мамбетовдун туугандары, урпактары жана район тургундары катышты. Белгилүү мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун айкели Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына тургузулду. Иш-чарага келгендер […]Читать далее
“Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады, аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу, жана жарык белги берүүчү […]Читать далее
«Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат. Тагыраагы: Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу берилбейт. Бул убакытта «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлөт.Читать далее
14-ноябрда Кыргызстандан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоо боюнча официалдуу уруксат берилди. КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат. Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.Читать далее