Бишкекте биринчи Элдик курултай уланууда

 Бишкекте биринчи Элдик курултай уланууда

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан биринчи Элдик курултай өз ишин улантууда.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Эске салсак, кечээ, 25-ноябрда биринчи Элдик курултайдын ачылыш аземи болуп өткөн. 1072 делегат катышып жаткан Элдик курултайга Кадыралы Кошалиев төрага болгон.

Связанный пост