“Сосновка” постунан жасалма акциздик маркалар менен 4 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алынды

 “Сосновка” постунан жасалма акциздик маркалар менен 4 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек-Ош автожолундагы “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны ташып өтүү фактысын аныкташты.

Алсак, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө унаа токтотулуп, айдоочусунан товар коштоочу документтер талап кылынганда ал ордунан качып кетүүгө аракет кылган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен унаа мажбурлап токтотулуп, айып токтотуучу жайга киргизилген.

Унааны текшерүүдө өндүрүлүшү шек жараткан жана шектүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар табылган.

Бардыгы болуп 4 миң 206 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Салык кызматы өлкөнүн аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок ташыгандыгы үчүн ташылган товар жана аны ташыган автотранспорт кошо тартып алынарын эскертет.

Ушуга байланыштуу, ташуучуларды мыйзам ченемдерин так сактоого, ошондой эле акцизделчү товарларды ташуу үчүн бардык зарыл документтерди кошо алып жүрүүгө чакырабыз.

Связанный пост