Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

 Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акимиаты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын аталган району боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин районундагы отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүштү. Анда катуу отунга көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө максатында отун базаларынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда отун базаларында Кара-Кече кенинен чыккан жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4500 сомдон сатылууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Октябрь районунда бааларды карап чыкты. Иш-чаранын жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлдү.

Связанный пост