Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти

Ош шаарына муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында эстониялык эксперттер келишти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Таллин (Эстония) шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мында ар бир тарап презентация форматында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик системаларды жана бирдиктүү маалымат базаларын түзүү алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарынын мэриясынын алдында калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү үчүн санариптик технологияларды киргизүү, ошондой эле мэриянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн “Санарип Ош” муниципалдык ишканасы түзүлдү. Ал үчүн атайын сервердик бөлмө тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, “Түндүк” порталына кошулуп, “Геопортал” электрондук маалыматтык системасы түзүлдү.

Ушул жылы “Санарип Ош” МИ ачылышы, бардык санариптик системаларды бир тармакка бириктирүү, шаардыктар жана муниципалдык кызматкерлер үчүн корпоративдик порталды өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба абоненттеринин бирдиктүү базасын түзүү пландалууда.

Иш-чаранын алкагында санариптик чөйрөгө заманбап технологияларды киргизүү багытында кызыктуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Таллин шаарынын мэриясынын IT-менеджери Мартин Маннил, эксперттер Тоомас Сепп жана Тынис Мяэ колдонуунун жөнөкөйлүгү, иштин ылдамдыгы, элдин ишеними жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууну эске алуу менен санариптештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Маалым болгондой, Таллин шаарынын калкы үчүн 570тей санариптик кызматтын түрү бар. Эстониядан келген бул эксперттер “Кыргызстанда санариптик трансформация программасын колдоо” эки тараптуу кызматташуу долбоорунун алкагында Кыргызстанда төрт багыт боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт: 1) мамлекеттик кызматкерлерге жана элге санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү; 2) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; 3) жеке маалыматтарды коргоо; 4) киберкоопсуздук.

Связанный пост