Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөндөр үчүн салыктык каттоо жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт

 Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөндөр үчүн салыктык каттоо жол-жобосу жөнөкөйлөтүлөт

Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борборунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ кезектеги жыйын өткөрдү жана жеке ишкерлерди салыктык каттоо жол-жоболору менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүзүндө сарпталган убакытты эске алуу менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алганга чейин жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо боюнча бардык процессин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” үчүн жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында калкка мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди каттоо методикасын иштеп чыгуу милдети турат.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы 100 күндүн ичинде чечилүүгө жана ишке ашырылууга тийиш болгон актуалдуу тармактык маселелерди аныктоону карайт.

Связанный пост