Социалдык контракт: Тоң районунда 61 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды

 Социалдык контракт: Тоң районунда 61 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын жана Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин катышууларында өттү.
Жылдыз Полотованын айтымында, бул активдүү чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана жакырчылыктан чыгууга багытталган.
«Өткөн жылы социалдык контракт сыяктуу активдүү чаралардын аркасында биз жумушсуздардын санын 5% кыскарта алдык. Муктаж үй-бүлөлөр жеке ишкерлер категориясына өтүп, кирешелүү бизнес ачып, өздөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууда. Быйыл 10 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүүдө. Үч жылдын ичинде алардын саны 26 миң үй-бүлөгө жеткирилет», – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Анын айтымында, мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөр окуудан жана эки этаптуу тандоодон өтүшөт. Тиешелүү ведомство жана жергиликтүү бийлик тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бардык каражаттар чакан ишкана ачууга жумшалды», – деди Жылдыз Полотова.

Связанный пост