Социалдык контракт: Ак-Талаа районунда 105 аз камсыз болгон үй-бүлө 100миң сомдук сертификат алды

 Социалдык контракт: Ак-Талаа районунда 105 аз камсыз болгон үй-бүлө 100миң сомдук сертификат алды
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгесине ылайык, КР Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында берилген квотанын негизинде 105 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды.
Аталган долбоордун алкагында Ак-Талаа району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө чакан ишкердик кылуу боюнча долбоор жазып, бардыгы комиссиянын кароосунан өтүп, бүгүнкү күндө өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. 2023-жылдын 10-апрелинде ушул эле токтомдун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акча каражаттары бөлүнүп дагы 105 үй-бүлөгө 100,0 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
105 долбоордун 84 долбоору мал чарбачылык, 15 долбоору тигүү цехин ачуу, 1 долбоор эмерек жазоо, 4 долбоор соода-сатык кылуу, 1 долбоор ашкана ачуу үчүн долбоор жазылган.

Связанный пост