Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда батканта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында “Боом” капчыгайында сел жүрүп кеткен. “Натыйжада жол эки тарапка тең тосулган. Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун […]Читать далее
9-10-августта Чолпон-Ата шаарында КР энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетик айымдарынын биринчи эл аралык саммит-конференциясы өтүүдө. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Доскул Бекмурзаев мындай иш-чараларды уюштуруу – энергетика тармагындагы аялдардын ролун бекемдөөгө шык берип, гендердик теңчилик боюнча маселелерди талкуулоого аянтча болуп жана ошондой эле энергетик айымдарды колдоо боюнча бирдиктүү аянтча түзүүгө өбөлгө […]Читать далее
Электр монтер Аскар Түлөнов сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн Чүй облусу боюнча “Түндүк электр” ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды. Ишканадан билдиришкендей, алардын кызматкери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен дагы сыйланды. Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп […]Читать далее
Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө […]Читать далее
Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары күн сайын жууп-тазаланып турат. Күн сайын саат 05:30да нөөмөткө чыгар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустардын санитардык абалы текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдөн өтпөй туруп линияга чыгарылбайт. Троллейбус башкармалыгында жалпысынан 183 троллейбус бар. Алардын 130-135и жүргүнчүлөрдү ташыйт.Читать далее
Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мындай маалымат эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда белгилүү болду. “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык […]Читать далее
Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен. Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте “Түштүк-2” кичи районун уруксат берилбеген объектилерден бошотууну улантууда. Аянты 16 чарчы метр болгон павильон, химиялык тазалоо жүргүзүүчү павильон алынып, муниципалдык аймактын 14 чарчы метр аянты бошотулду. Жашылча-жемиш сатуучу павильон мыйзамсыз ордун таштап, 20 чарчы метр аянт шаардыктарга кайтарылды. […]Читать далее
КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын алдын алуу боюнча көчмө семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саякат кызматы билдирет. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, ага бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштерди […]Читать далее
Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 га буудай жана беде айдоо аянтын каптаган. Мындан сырткары, Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес. Ошондой […]Читать далее