Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү

 Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү

Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгарууга 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай маалымат эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда белгилүү болду.

“Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, “Социалдык контракт” ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 282 миллион сомдон Бишкекке 35 миллион сом бөлүндү, бул каражат жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек”, – деди министр.

Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары “Социалдык контракт” долбооруна катышуу боюнча жөлөк пул алуучулар үчүн консультацияларды өткөрүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле жардам көрсөтүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүп, долбоорго тандоодон өтө турган талапкерлерге мониторинг жүргүзүү көндүмдөрүн окутуп жатканын билдирди.

Связанный пост