“Түндүк электрдин” кызматкери агып бараткан баланы куткарып калганы үчүн сыйланды

 “Түндүк электрдин” кызматкери агып бараткан баланы куткарып калганы үчүн сыйланды

Электр монтер Аскар Түлөнов сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн Чүй облусу боюнча “Түндүк электр” ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды.

Ишканадан билдиришкендей, алардын кызматкери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен дагы сыйланды.

Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп ишке орношкон. 2022-жылдын март айында электр тармактарынын Жайыл участогунун аба чубалгыларын оңдоо боюнча электрикке өткөн. Белгилей кетсек, ал сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Эске салсак, 25-июль күнү “Түндүк электр” ААКтын кызматкери Аскар Түлөнов катуу агымга секирип, чөгүп бара жаткан адамды куткарып калган.

Связанный пост