Чолпон-Атада БА өлкөлөрүнүн энергетик аялдарынын эл аралык саммити өтүүдө

 Чолпон-Атада БА өлкөлөрүнүн энергетик аялдарынын эл аралык саммити өтүүдө

9-10-августта Чолпон-Ата шаарында КР энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетик айымдарынын биринчи эл аралык саммит-конференциясы өтүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Доскул Бекмурзаев мындай иш-чараларды уюштуруу – энергетика тармагындагы аялдардын ролун бекемдөөгө шык берип, гендердик теңчилик боюнча маселелерди талкуулоого аянтча болуп жана ошондой эле энергетик айымдарды колдоо боюнча бирдиктүү аянтча түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Энергетика тармагына айымдардын катышуусу тармакты өнүктүрүүдө сөзсүз түрдө жемишин берет”, – деди министр.

Иш-чаранын негизги максаты билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле гендердик теңчилик менен социалдык интеграцияны алга жылдыруу үчүн энергетик айымдар жана энергетика тармагында иштеген адистер үчүн аянтча түзүү болуп саналат.

Семинарды Кыргызстан энергетикасындагы Аялдар ассоциациясы жана USAIDдин “Борбор Азиядагы энергетика” долбоору биргелешип уюштурду.

Связанный пост