Талас жана Жалал-Абадда ЖӨБ органдарында коррупцияга бөгөт коюу боюнча семинарлар өттү

 Талас жана Жалал-Абадда ЖӨБ органдарында коррупцияга бөгөт коюу боюнча семинарлар өттү

 КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын алдын алуу боюнча көчмө семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саякат кызматы билдирет.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, ага бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштерди улантууда.

Учурда КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик тобу тарабынан Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Нарын шаарларынын мэрияларынын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши коррупциялык тобокелдиктер жана көрүнүштөр боюнча аялуу аймактарын аныктоо үчүн иликтенүүдө.

Жогорудагы шаарлардын мэрияларынын ишин талдоонун жыйынтыгында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча пландар иштелип чыгат.

Белгиленген иштердин алкагында 2022-жылдын 29-июлунан 5-августуна чейин Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатуу» темасында семинарлар өткөрүлдү.

Семинарлардын ишине Талас жана Жалал-Абад шаардык мэрияларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилери катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерге баа берүү жана азайтуу, аларды аныктоо ыкмасы боюнча окуудан өтүштү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттары менен таанышты.

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иштерди тынымсыз негизде жүргүзүп жатат.

Связанный пост