Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен

 Аламүдүндө шамал бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен

Аламүдүндө шамал бир бир нече үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткен.

Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркаган, ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке 6 куткаруучу, РЭТтен 3 бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тактоо иштеринен соң шамал 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келгендиги белгилүу болду. Бактар кулап, электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.

Связанный пост