Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда
![Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp-image-2022-08-09-at-10.13.16-850x560.jpeg)
Шаардагы троллейбустар жууп-тазаланууда
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары күн сайын жууп-тазаланып турат.
Күн сайын саат 05:30да нөөмөткө чыгар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустардын санитардык абалы текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдөн өтпөй туруп линияга чыгарылбайт.
Троллейбус башкармалыгында жалпысынан 183 троллейбус бар. Алардын 130-135и жүргүнчүлөрдү ташыйт.