Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады

 Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады

Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 га буудай жана беде айдоо аянтын каптаган.

Мындан сырткары, Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес.

Ошондой эле Сары-Камыш айылында жайгашкан 2 көпүрөнү суу жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылды.

Связанный пост