Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары бир нече күндөн бери Ысык-Көлдүн түбүн балык уулоочу торлордон тазалоодо. Ведомствонун маалыматына караганда, Түп, Николаев, Таза булуңдарын жана Прежевальск пристанынан Койсары айылына чейинки 22 542, 77 гектар суу аянтынан 18 миң 400 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Эске салсак, президенттин жарлыгы менен Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси кызматташтык планына кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Документке 3-апрелде жаратылыш министри Мелис Тургунбаев жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов кол койду. Документ айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, ошондой эле үстүбүздөгү жылга […]Читать далее
Мындан ары бир дагы чиновник, мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты. УКМК төрагасы акыркы үч жылда өлкө бюджети болуп көрбөгөндөй жакшы көрсөткүчкө жетип, өсүш болуп жаткандыгын айтты. “Бюджеттин баары элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бүгүнкү күндө бир […]Читать далее
Шаардык муниципалитетте 2024-жылдын I кварталында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча штабдын отуруму өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаары боюнча салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук администрациялардын башчылары, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жана жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты. Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 2024-жылдын I кварталында кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 4 […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 4-апрелде саат 04:43тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок тоо кыркаларында жайгашкан — Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Чат айылынан түндүк-чыгышты карай 14 чакырым, Көгарт, Аркыт айылдарынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кербен айылынан түндүк-чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта орун алган. […]Читать далее
Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу 1-апрелден баштап жаңы дарекке көчтү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты . Башкы консулдук эми Санкт-Петербург ш., Набережная реки Фонтанки көч., 50 дарегинде жайгашкан. Эми мындан кийин консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, КР мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо […]Читать далее
Кыргызстанда “мафиялык түзүлүштөргө” каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты. Анын айтымына караганда, коом акыркы күндөргө чейин “тартипсиз” болуп кеткен. “Коомдо олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ биригип, “мафиялык түзүлүштөрдү” түзгөн. Бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп […]Читать далее
Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл облусунда ИИМдин ЖКККББнын демилгеси менен жол кырсыктарын алдын алуу жана ага карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү багытында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды. Алгач УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады. Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу […]Читать далее
2024-жылы санариптештирүүгө өткөн жылдарга салыштырмалуу 100,0 млн сомго көбөйүп, 600,0 млн сом каралды Санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы жигердүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ошондой эле заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды бардык тармактарга жана аймактарга кеңири жайылтуу максатында «Санариптик Кыргызстан 2019- 2023” санариптик трансформация концепциясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-2023-жылдар аралыгында жыл сайын “Санариптик экономикага” […]Читать далее