УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Республикалык спорттук колледжине барды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды.

 

Алгач УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады.

Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу паркында да жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө жана эски футболдук талааны реконструкциялоого (чуркоо жолуна резина төшөө жана шиверди жаңыртуу) боюнча көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

 

Андан соң УКМК төрагасы спорттук колледждин окуучулары жана эмгек жамааты менен баарлашып, жаш спортчуларды мекенди сүйүүгө, спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерди жаратуу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырды.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде учурда спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчулардын машыгуусуна тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Мындан улам, аталган спорттук колледжи да унутта калбасын белгиледи. Аны менен катар, Ташиев РСКнын кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууга жардам берээрин айтты.

 

Өз кезегинде РСКнын эмгек жамааты колледждин машыгуу залына окуучулар батпай жаткандыгына байланыштуу, кошумча спорт комплексин куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анын негизинде Ташиев колледжге кошумча грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгуу залын дагы куруп берүүнү убадалады.

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Республикалык спорттук колледжине барды

03/04/24 17:31 КООМ0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды.

 

Алгач УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады.

 

 

Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу паркында да жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө жана эски футболдук талааны реконструкциялоого (чуркоо жолуна резина төшөө жана шиверди жаңыртуу) боюнча көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

 

Андан соң УКМК төрагасы спорттук колледждин окуучулары жана эмгек жамааты менен баарлашып, жаш спортчуларды мекенди сүйүүгө, спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерди жаратуу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырды.

 

 

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде учурда спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, спортчулардын машыгуусуна тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Мындан улам, аталган спорттук колледжи да унутта калбасын белгиледи. Аны менен катар, Ташиев РСКнын кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууга жардам берээрин айтты.

 

Өз кезегинде РСКнын эмгек жамааты колледждин машыгуу залына окуучулар батпай жаткандыгына байланыштуу, кошумча спорт комплексин куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анын негизинде Ташиев колледжге кошумча грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча машыгуу залын дагы куруп берүүнү убадалады.

 

 

Маалымат үчүн: Аталган колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н.Крупская атындагы РОШИСП спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорт-интернаты болуп негизделген.

 

Учурда РСКда 455 окуучу спорттун 9 түрү боюнча машыгып келет. Аталган олимпиадага чейин даярдоочу Республикалык спорттук колледжинен Кыргызстандын ийгиликтүү спортчулары: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Кобонов, Арсен Эралиев, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы тарбияланып чыккан.

Связанный пост