“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талабы өзгөртүлдү

 “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талабы өзгөртүлдү

2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу талаптары өзгөртүлдү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

 

Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмундарында учурда 6- жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат.

 

Тандоонун жыйынтыгында жалпы 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу кабыл алынса, 8-класстар арасында 48 окуучу кабыл алынат.

 

Конкурстук тандоо лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

 

6-класстардын окуучулары үчүн:

 

2024-жылдын 10-майына чейин “Телеграм” тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда шилтемеси аркылуу каттоодон өз алдынча өтүү узартылат;

1-тур: 11-майдан 16-майга чейин – онлайн тестирлөө;

2-тур: 20-майдан 24-майга чейин – 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50% окуучулар үчүн онлайн тестирлөө;

3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин – 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30% окуучулар үчүн оффлайн тестирлөө.

8-класстардын окуучулары үчүн:

 

2024-жылдын 15-майынан 25-майына чейин “Телеграм” тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда шилтемеси аркылуу каттоодон өз алдынча өтүү;

1-тур: 1-июндан 6-июнга чейин – онлайн тестирлөө;

2-тур: 10-июндан 14-июнга чейин – 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50% окуучулар үчүн онлайн тестирлөө;

3-тур: 18-июндан 22-июнга чейин – 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30% окуучулар үчүн оффлайн тестирлөө.

Связанный пост