Кыргызстан Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат. 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар. […]Читать далее
2024-жылдын биринчи кварталында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы 38 өндүрүштүк кырсыкты иликтеген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө 12 млн 101 миң 429 сом төлөнүп берилген. Мекемеден билдиришкендей, былтыркыга салыштырмалуу эмгекти коргоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын саны өсүп, айып пулдун суммасы 777,5 […]Читать далее
Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 12-апрелде саат 14:13тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууга берилгенден тартып 34 миңден ашык колдонуучу жүктөгөн. Анын ичинен тиркемени 22 миңден ашык колдонуучу Android жана 12 миңден ашыгы iOS операциялык системалардын башкаруусунда иштеген мобилдик түзүлүштөргө жүктөшкөн. Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында салык кызматы Cabinet.salyk.kg.деги “жеке кабинеттин” мобилдик версиясы Salyk.kg тиркемесин ишке киргизген. Колдонуучулар тиркемеге “жеке кабинеттин” веб-версиясында колдонулган логин жана сыр сөз менен же бирдиктүү идентификация системасы (БИС) аркылуу кире алышат. Тиркеменин […]Читать далее
Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти. Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда […]Читать далее
Күн мурун Бишкекте “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров, Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты. Анда инфраструктураны жакшыртуу, шаардыктар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо максатында “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылдын башынан бери кызматкерлердин арыздарынын негизинде 266дан ашык текшерүү жургүзгөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 316 эмгек мыйзамдарын, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузуулар […]Читать далее
КРнын Соода-өнөр жай палатасы Грузиянын соода порттору аркылуу каттамдарды пландаштырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен жолугушуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады. Жолугушууда сооданы кеңейтүү, инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Кайрат Осмоналиев бул өлкөнүн порттору аркылуу жүк ташуу көлөмү […]Читать далее
Штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыркаган Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) бардык кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымына караганда, жабыркагандар менен байланыш үзүлгөн жок. “Керектүү материалдык жардам көрсөтүлдү”, – деп баса белгиледи ал. ЖЭБдин башчысы ошондой эле өлкө жетекчилигине жардам сурап кайрылган машинистке 180 миң […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек ЖЭБинин директору Алпбек Садыров билдирди. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында саат 03:00 чамасында ЖЭБде авария орун алып, натыйжасында жабдыктар иштен чыккан.Читать далее