Финансы министрлиги: 2024-жылы санариптештирүүгө 600 млн сом каралды

 Финансы министрлиги: 2024-жылы санариптештирүүгө 600 млн сом каралды

2024-жылы санариптештирүүгө өткөн жылдарга салыштырмалуу 100,0 млн сомго көбөйүп, 600,0 млн сом каралды

Санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы жигердүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ошондой эле заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды бардык тармактарга жана аймактарга кеңири жайылтуу максатында «Санариптик Кыргызстан 2019- 2023” санариптик трансформация концепциясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-2023-жылдар аралыгында жыл сайын “Санариптик экономикага” жалпы суммасы 2,5 млрд сомдук каржы ресурстарын берип, тиешелүү мамлекеттик органдарга бөлүштүрүлүп турган.

Ушул Концепцияны, ошондой эле электрондук өкмөт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 2019-2023-жылдар аралыгында 197 иш-чара ишке ашырылган, 19 иш-чара аяктоо стадиясында турат.

Санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү максатында бүгүнкү күндө “Санариптик Кыргызстан 2024-2028” санариптик трансформация Концепциясы иштелип чыгып, анда КР Финансы министрлиги 2024-жылы боло турган иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга өткөн жылдарга салыштырмалуу 100,0 млн сомго көбөйүү менен 600,0 млн сом каралды.

Связанный пост