Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катуу шамалдан улам бузулган жол белгилерин калыбына келтирүүнү улантышууда. Ошентип, бузулган жол белгилеринин көбү бийиктикте илингендер – 15 даана, алардын көбү жолдун четине учуп кеткен. Мындан тышкары бак-дарактар кулаганда 10дон ашык жол белгилери кыйшайып калган. Адистер жол белгилерин төмөнкү даректерде калыбына келтиришти. – Жибек Жолу проспектиси […]Читать далее
Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичиндеги жолдо жүрүү кыймылына убактылуу чектөө киргизет. Мындай чектөө чаралары үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 1-октябрына чейин, саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт. Бул мезгил ичинде максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк […]Читать далее
Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди. Шаардык мэриядан билдиришкендей, 500 автобустун алгачкы 35 даанасы учурда шаарга жеткирилди. Автобустар бир ай ичинде толук келип бүтөт. Былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл […]Читать далее
КР МК №723-р 2023-жылдын 24-ноябрындагы буйругуна ылайык, суу ресурстарын тейлөө үчүн атайын техниканы сатып алууга сметада 2024-жылга 3112-берене боюнча 366,7 млн сом каралган. Атайын техникаларды сатып алууга каралган жалпы сумма 1 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күндө “Xiamen Jiasheng Engineering Machinery” ЖЧКсы менен 999 000 000 сом суммасында келишим түзүлдү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча каралган 200,0 млн […]Читать далее
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Беларустун туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыгы, анын ичинде эки тараптуу келишимдерди актуалдаштыруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу активдештирүүнүн жолдору талкууланды. Эрбол Султанбаев Кыргызстандын туристтик потенциалы, өлкөдө спорт жана дене […]Читать далее
Кыргызстанда он үч жумада COVID-19 инфекциясынын сегиз учуру катталганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы билдирди. Анын ичинен Бишкек шаарында – 5, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1 учур катталган. Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.Читать далее
Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты. Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 5нен 6-апрелге […]Читать далее
Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү кайрадан узартылды. Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле “Тынч чогулуштар жөнүндө” КР мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү кайрадан убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Сот арызды канааттандырган. Төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө болбойт: […]Читать далее
Күн мурун, 31-мартта саат 06.25те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да сезилген. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 82 чакырым түштүк-батышта Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Коргон айылында жердин силкинүүсү 3 баллга чейин сезилген. Ошол эле күнү кечинде саат 18.20да Кытайда күчү […]Читать далее
Кыргызстан акыркы эки жылда 1553 автобус сатып алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына 1000 автобус сатып алууга республикалык бюджеттен 4 млрд 513,8 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. 2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамы менен автобустарды сатып алууга 4 млрд […]Читать далее