Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылында 375 орундуу жаңы мектеп имараты курулуп, 60 бала тарбияланып жаткан бала бакчанын имараты капиталык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Аталган билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты. К.Каримов атындагы мектебинин жаңы […]Читать далее
29-октябрда Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын өткөрөт. Ага облустук сынакта жеңүүчү болгон 24 талапкер катышат. Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан сынак Кыргызстандын жаштарын англис тилин үйрөнүүгө шыктандырып, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталат. “Spelling Bee” улуттук сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Женева университети тарабынан Женевадагы БУУ менен кызматташтыкта сунушталган европа жана эл аралык менеджмент жөнүндө алдыңкы изилдөөлөр (MEIG программасы) боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө нота келип түшкөндүгүн маалымдайт. MEIG программасы европа жана эл аралык башкаруу жөнүндө билимди жана керектүү кесиптик көндүмдөрдү берүүгө багытталган. MEIG программасынын […]Читать далее
Бүгүн, 25-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда кесиптик лицейлердин окуучуларын аскерге даярдоо боюнча 23-спартакиада өтүүдө. Ага №4, №5, №18, №20, №27, №97, №99, №100 ж.б. кесиптик лицейлери катышууда. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдыракманова жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Нурия Жусупбекова катышты. […]Читать далее
Математика боюнча республикалык олимпиадалар китебинин авторлору аймактагы мектептерге китеп берди
21-октябрда “Математика боюнча республикалык олимпиадалар. Маселелер жана алардын чыгаруулары” китебинин авторлору өлкөнүн аймактарындагы мектептер үчүн Билим берүү жана илим министрлигине китептерди тапшырды. Жыйнак Кыргыз-Швед математикалык мектеби Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөргөн математика боюнча республикалык олимпиадалардын маселелерине негизделген. Китептер кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн басылып чыкты. Китептерди өткөрүп берүү аземине Билим […]Читать далее
Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Тоолордун туруктуу өнүгүү экосистемдери: “Азык-түлүк коопсуздугу: тажрыйбалар, жетиштиктер жана перспективалар” темасында Борбордук Азия Форумунун алкагында Социалистик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу, […]Читать далее
21-22-октябрда бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү. Маалыматка ылайык, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, […]Читать далее
Уланбек Мамбетакунов менен Кытайдын элчиси билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
19-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Тараптар алдыдагы окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды берүү, Кыргыз-Кытай класстарын, факультеттерин жана институттарын түзүү, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү […]Читать далее
Бүгүн, 19-октябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде алгачкы жолу билим берүү кызматтары үчүн төлөмдөрдү (жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөм ж.б.) QR-код колдонуу менен накталай эмес формада кабыл алууну ишке ашыруу боюнча пилоттук долбооруна старт берилди. Аталган пилоттук долбоорду ишке ашырууга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тандалып алынган. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган документ “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан […]Читать далее