Мектеп директорлорун тандоо-2023: Чүй облусунан 12 талапкер жеңүүчү аталды

 Мектеп директорлорун тандоо-2023: Чүй облусунан 12 талапкер жеңүүчү аталды

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Тестирлөөгө жалпы 40 талапкер катышып, анын ичинен 15 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 12 талапкер жеңүүчү деп табылды. Белгилей кетсек, Чүй облусу боюнча 33 ваканттык орун бар болчу.

Связанный пост