Мектеп директорлорун тандоо-2023: Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

 Мектеп директорлорун тандоо-2023: Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жеңүүчүлөр аныкталды
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.
Бишкек шаары боюнча тестирлөөгө 44 талапкер катышып, анын ичинен 32 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 6 талапкер жеңүүчү деп табылды.
Ош облусунан катышкан 95 талапкердин ичинен 33 адам босого пайыздык чектен өтүп, анын 24ү жеңүүчү болду.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 69 ваканттык орун бар болчу.

Связанный пост