Мектеп директорлоруна иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинар уюштурулду

Свердлов районундагы ишке жаңы кабыл алынган мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын жетекчилерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинары өтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Свердлов районундагы ишке жаңы кабыл алынган мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын жетекчилерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарын өткөрдү.

Ошондой эле семинарда Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык иш жүргүзүү боюнча маселелер да каралды.

Бул окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы №116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлүүдө.

Связанный пост