ЖРТ-2023: Каттоо 6-апрелде аяктайт

 ЖРТ-2023: Каттоо 6-апрелде аяктайт
Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктай тургандыгын маалымдайт.
Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.
Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
• паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
• орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
• ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
Белгилей кетсек, ЖРТга каттоо 2023-жылдын 27-февралында башталган.

Связанный пост