Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-ноябрда, үстүбүздөгү жылы курулган 15 мектептин бири болгон Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы №73 жаңы жалпы билим берүү мектебинин ачылышына катышты. Мамлекет башчысы салтанаттуу жагдайда кызыл лентаны кесип, 550 окуучу орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты. Президентке окуу класстары жана чеберканалары, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лабораториялар жана башка […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 орто мектептин ачылыш аземине катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгондугуна токтолду. «Борбордо мектептердин жетишсиздиги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун буйругу менен Ашимбаева Токтобүбү Абасовна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Токтобүбү Ашымбаеваны министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды. Буга чейин Токтобүбү Ашимбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.Читать далее
Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек. Системада ар […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринин ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борборун ишке киргизди. “Улуттук мектеп тамагын оптималдаштыруу программасы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо тутумдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деди Билим берүү жана илим […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусунун Сокулук районунун Конуш айылындагы Мамбеталы Жаныбаев атындагы орто мектептин филиалынын ачылыш аземине катышты. Эдил Байсалов кызыл лентаны кесип жатып жаштардын сапаттуу билим алуусу баарынан маанилүү экендигин белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Президентинин бүгүнкү талабы – өлкөнүн келечеги саналган жаш муундар үчүн заманбап мектептерди куруу. Жаңы мектептердин баары тийиштүү […]Читать далее
Алдыдагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата мектеп окуучулары үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына экскурсия уюштурулду. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Руханий-адептик өнүгүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү. Ленин районундагы төрт мектептин журналистикага жана радиожурналистикага кызыккан окуучулары ЭлТР, УТРК жана 5-канал телеканалдарына жана «Марал» радиосуна барып, журналисттердин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Окуучулар ар бир […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана Баткен мамлекеттик университетинин Санарип бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бекмаматов Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетине атайын иш сапар менен барды. Министр баштаган делегация мүчөлөрү Ханбат мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен тыгыз кызматташуу маселелерин талкуулады. Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее
Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө жайгашкан №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, 4 тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты 483,42 чарчы метр. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникация тармактарын орнотуу иштери аяктады. Бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бала бакчада ар бир тайпага өзүнчө аянтчалар […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт: Жалал-Абад облусу – konkurs3.ja.2022@gmail.com Ысык-Көл облусу – konkurs3.ik.2022@gmail.com Нарын облусу – konkurs3.naryn.2022@gmail.com Ош облусу – konkurs3.osh.2022@gmail.com Талас облусу – konkurs3.Читать далее