Республикалык олимиададан 19 окуучу биринчи орунду ээледи

 Республикалык олимиададан 19 окуучу биринчи орунду ээледи
25-мартта 10 предмет боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы жыйынтыкталып, 19 окуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу КР Билим жана илим министрлигинен билдиришти.
Жалпысынан олимпиаданын республикалык этабына 325 окуучу катышып, финалга 56 окуучу чыккан.
Анын ичинен I орунду – 19, II орунду – 17, III орунду – 20 окуучу алды.
Олимпиаданын жабылуу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.
Токтобүбү Ашымбаева бүгүнкү олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдердин эмгегин баалоо өтө маанилүү экендигин айтып, жеңүүчү болгон мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына өтүүдө артыкчылыктарга ээ болорун билдирди.
“Биздин өлкөнү алдыга сүрөй турган келечектеги чоң окумуштуу, атактуу инсан же бир кесиптин ээси болгон мыкты адистер бүгүн силердин араңарда олтурат. Силердин мектепте канча жылдан бери талыкпай окуган эмгегиңердин, ал эми силерге көп интеллектуалдык, педагогикалык күч жумшаган агай-эжейлериңердин, балам, кызым жакшы билим алсын, келечекте өлкөсүнө кереги тийген уул-кыздардан болсун деп демөөрчүлүк кылып, материалдык жана моралдык жактан колдогон ата- энеңердин акыбети кайта турган күн”, – деди министрдин орун басары.
Ошондой эле Токтобүбү Ашымбаева жеңишке таптап, ишеним арткан, татыктуу жарандарын тарбиялап өстүргөн ата-энелерге жана мугалимдерге өзгөчө ыраазычылык билдирем деп кошумчалады.

Связанный пост