2023-жылы республикалык бюджеттен эсебинен 836 компьютер жана кошумча келишим боюнча дагы 83 компьютер сатып алынган. Жалпы 919 компьютердин 854ү 170 мектепке берилген, ал эми калган 65и алдыда мектептерге бөлүнүп берилет. Жалал-Абад облусундагы 26 мектепке 130 компьютер берилди. Аксы району – 15 компьютер, Ноокен району – 25 компьютер, Токтогул району – 10 компьютер, Тогуз-Торо району – […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен өлкө боюнча салынып жаткан 100 мектептин 96-сынын бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Каныбек Осмоналиев атындагы N 109 мектептин заманбап имараты салынып бүтөөрүнө саналуу күн калды. Мектептин эски имараты 70 орундуу болсо, жаңы имараты 220 орундуу. Окуу класстары заманбап жогорку технологиялары менен жабдылган. […]Читать далее
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстары үчүн 90 миң 450 нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыкты. “Алиппе” окуу китеби республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен 20 млн 170 миң 350 сомго басылды. Ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мугалимдери үчүн 721 миң 285 сомго 3 миң 985 нускада “Алиппе” методикалык колдонмо басылып […]Читать далее
Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 1-январдан 14-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон кабарлашкандай, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат. Белгилей кетсек, окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.Читать далее
2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин отчеттук маалымат жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева «Биздин иш-аракеттерибиздин натыйжасында буга чейин чечилбеген актуалдуу, олуттуу, курч көйгөйлөр чечилиши зарыл» деп билдирди. 2023-жылы билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 75,8 млрд сом же ИДПнын 7%ы каралган. Сандар жана фактылар: Учурда 220 012 бала бала-бакчага барып жатат. […]Читать далее
Кыргызстанда 10 окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гулнара Баатырова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы республикада Эмгек министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш […]Читать далее
«Келечек үчүн билим берүү» долбоору Билим берүү жана илим министрлигине 65 ноутбук тапшырды. Билим берүү жана илим министрлигине берилген 65 комплект ноутбук (65 рюкзак, лицензиялык программалык камсыздоо) Кыргызстандагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө таратылат. Бул техниканын жардамында аймактагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары окуучулардын жана мектептердин жетишкендиктеринин тенденцияларына үзгүлтүксүз санариптик мониторинг жүргүзөт жана маалыматтарды талдоону […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы эки мектепте кызамык оорусу көп катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечиминин негизинде эки билим берүү уясы аралыктан окутууга өттү. Алар: К.Закиров атындагы №2 жана А.Усманов атындагы № 7 орто мектептер. Ошондой эле ушул эле чечим аркылуу […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталарын маалымдайт. Тагыраагы, күзгү каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документке КР Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева жана Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг кол коюшту.Читать далее