“Акылман” президенттик лицейине каттоо башталды

 “Акылман” президенттик лицейине каттоо башталды

“Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу үчүн каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымына караганда, каттоо 22-апрелден 2-майга чейин уланат. Тандоо үч этап менен өткөрүлөт.

“Биринчи жана экинчи этапта тестирлөө онлайн түрүндө, ал эми үчүнчү этапта оффлайн форматта болот. Ага 3 категориядагы балдар катыша алат: томолой жетим, жарым жетимдер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Учурда бул тизмеге кире тургандар райондук билим берүү бөлүмдөрүндө такталып жатат. Азыркы тапта каалагандардын саны миңден ашкан”, – деди ал.

“Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов берген маалымат боюнча, сынакка өлкө боюнча 6-класстын окуучулары катыша алат. Алар математика, логикалык ой жүгүртүү, кыргыз тили, орус жана англис тили предметтери боюнча өз билимдерин сынап көрүшөт. Жыйындыгында 72 бала кабыл алынат.

“Бүгүнкү күндө лицейде 72 бала билим алып, 31 мугалим иштеп жатат. Лицей 240 орундуу. Учурда президенттик администрациянын иш башкармалыгы тарабынан кошумча объектилерди куруу боюнча жумуш жүрүп жатканы белгилүү болду. Келечекте лицей 360 орунга чейин кеңейтилет”, – деп кошумчалады Рыскулов.


Маалымат үчүн: “Акылман” президенттик лицейи 2023-жылы түзүлгөн жана аны каржылоо толугу менен президенттин фондусунун эсебинен жүргүзүлөт. Аталган билим берүү мекемесинин негизги максаты – окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын жогорулатуу. Ошондой эле, өзгөчө таланттуу балдарды колдоо жана аларга дем берүү үчун зарыл шарттарды түзүү болуп саналат.

Связанный пост