Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

 Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 28 миң 936 бала катталды.

 

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:

 

Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)

Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)

Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)

Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)

Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)

Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)

Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)

Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)

Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)

Толгон мектептер:

 

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

 

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

 

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

 

Эскерте кетсек, кечээ, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.

Связанный пост