Алтын медалга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр майдын ортосунда “Алтын тамга” сынагын тапшырат

 Алтын медалга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр майдын ортосунда “Алтын тамга” сынагын тапшырат

Жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын стандартташтырылган бланкалык тести 2024-жылдын 14-майында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

“Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:

  • эне-тили жана адабияты (45 мүнөт);
  • математика (70 мүнөт);
  • кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт);
  • химия (60 мүнөт).

“Алтын тамга” тестине катышуу билим алуунун формасына карабастан жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

“Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

– артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;

– Кыргызстанда мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Связанный пост