Биринчи класска электрондук каттоо: 1 жума ичинде 40 миңден ашуун бала катталды

 Биринчи класска электрондук каттоо: 1 жума ичинде 40 миңден ашуун бала катталды

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 15-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 40 миң 874 бала катталды.

 

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821)

Жалал-Абад облусу: 7582 (жалпы квота – 34 миң 778)

Нарын облусу: 2801 (жалпы квота – 7 миң 741)

Баткен облусу: 4882 (жалпы квота – 16 миң 190)

Ош облусу: 7524 (жалпы квота – 35 миң 785)

Талас облусу: 2285 (жалпы квота – 6 миң 957)

Чүй облусу: 5846 (жалпы квота – 31 миң 474)

Бишкек шаары: 4818 (жалпы квота – 17 миң 908)

Ош шаары: 1057 (жалпы квота – 11 миң 233)

 

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Связанный пост