Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Айт намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, дин өкүлдөрү, аксакалдар Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Калаа башчы Бакытбек Жетигенов […]Читать далее
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушун биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланды
Бишкекте «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын делегациясынын «РЖД-Интернейшнл» ЖЧК жана «Российский экспортный центр» АКсы менен “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнын басма сөз кызматы билдирди. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев жыйындын катышуучулары менен учурашып, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү […]Читать далее
Нарын шаарында уга чейин кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр тигилип, эски күмбөздөр орду паркка айланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Нарын шаарында массалык түрдө көчөт отургузуу иш чарасы уюштурулду. Демөөрчүлөр тарыбынан алынып келинген карагайдын, алманын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү Москва аймагындагы Муса Жусаев паркына жана МДС аймагындагы күмбоздөрдүн ордуна тигилип, […]Читать далее
Ош шаарында РЭТ ишканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов имараттын курулушу менен таанышты. Райондук электр тармактарынын жаңы имараты шаардын батыш аймагынын жашоочуларын тейлөө сапатын жогорулатуу максатында курулууда. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ош РЭТ ишканасынын башчысы Алмазбек Самидиновдун айтуусуна ылайык, имаратта 85 […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3.5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. 14-апрель күнү “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө. Быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт. Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборуЧитать далее
Нарын облусуна иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын аэропортунун курулуп жаткан жолдорун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме жетекчиси билдиргендей, жарандардын ыңгайы үчүн ички аба каттамдарын жандантуу менен облус аралык унаа каттамдардын да жүгүн жеңилдейт. Белгилей кетсек, Президент Садыр […]Читать далее
Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ноокен жана Аксы райондорундагы ирригация тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда Ноокен районундагы “Шайдан ветка” каналын, Аксы районундагы ХХII-Партсъезд каналын, Кербен шаарындагы Барпы каналын реаблитациялоо иштери жүрүүдө. “Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо […]Читать далее
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кыштут айылына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Айылдын негизги жолун кеңейтүүнү мектепти мындан 20жыл мурда бүтүргөн жаштар колго алган.Алар 100миң сом каражат топтогон. Жаштардын демилгесин айыл өкмөтү колдоп,жергиликтүү бюджеттен 200миң сом бөлүп […]Читать далее