Баткендин дагы бир айылында эл менен биргеликте жол оңдолууда

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кыштут айылына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айылдын негизги жолун кеңейтүүнү мектепти мындан 20жыл мурда бүтүргөн жаштар колго алган.Алар 100миң сом каражат топтогон. Жаштардын демилгесин айыл өкмөтү колдоп,жергиликтүү бюджеттен 200миң сом бөлүп берген.

Жолдун узундугу 5 чакырым.

Жолдун тардыгынан бетме-бет келген унаалардын өтүүсүнө бир топ ыңгайсыздыктар жаралган.

Учурда айылдыктар жолдун четиндеги тосмолорун, курулуштарын алып, бак дарактардан бошотуп, курулушка даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

Айыл тургундары менен жолуккан облус башчысы тургундардын айылдагы көйгөйдү өз күчтөрү менен чечүү демилгесин колдоп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “эл менен бийликтин биргелешкен аракети- өнүгүүгө зор өбөлгө” деген сөзүн кубаттап, бул багытта Баткен облусунда жол, сугат канал, ички көчөлөр мамлекет менен элдин биргелешкен аракети астында ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтып өттү.

Облус башчысы жолду кеңейтүү иштерине керектүү техникалар менен камсыздоого колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш сапарынын алкагында жаңыдан пайдаланууга берилген ФАПтын ишмердүүлүгү менен таанышып, мектептин курулушунан да кабар алды.150орунга ылайыкташкан типтүү мектепти жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү маселесин өкүл көзөмөлүнө алаарын айтты.

Белгилей кетсек, акыркы эки жыл аралыгында Кыштут айылында мамлекеттин колдоосу менен мектеп, ФАП курулуп, элдин демилгеси менен мечит, көпүрө да курулуп жатат.

Связанный пост